Бишкек ШИИББнын бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жоголду

Мезгил

Башкы прокуратура кылмыш иштеринин документтери жоголуп кеткен фактыны аныктады.  Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда Бишкек ШИИББнын бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жок болуп чыкты.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Эми башкы прокуратура түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу ачык текшерип жана бул ишке тийиштиги бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берет.

Сотко чейинки тергөө амалдарын жүргүзүү УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө тапшырылды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *