«Бишкек суу канал» башкармалыгынын жетекчиси кызматтан кетти

Мезгил

  «Бишкек суу канал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси  Бакытбек  Дүйшөмбиев  кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, ал өз каалоосу менен арыз жазган. Башкармалыктын жетекчиси кызматын убактылуу анын орун басары Сейдалиев Мурадин Авасович аткарат.

Ал эми Жумабаев Марат Эсенбекович башкармалыктын жетекчисинин орун басары болду. Ал буга чейин «Бишкек наабайкана» ишканасын жетектеп келген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *