БИШКЕК ЖЭБ: Сапар Исаков “күткөн” Асанов менен Хафизовду сот отурумуна алып келишеби?

Мезгил

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча сот отуруму болот. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү  процессте соттолуучулар  суракка алынат.

Буга чейин айыпталуучулардын бири, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди суракка алуу кезеги келгенде анын  кан басымы  көтөрүлүп, медициналык жардам чакыртылган. Сатыбалдиев суракты дүйшөмбүгө калтырууну суранган. Кийинки соттук отурум 3-ноябрга жылдырылган.

Ошондой эле мурунку премьер-министр Сапар Исаков айыпталуучулар Асанов менен Хафизовдун бир айдан бери сотко келбегенине нааразы болуп, “алар келбей турган болсо, анда чечим чыгарып бизди атып салгыла!” деген.

-Мени бир күндө алып келтирдиңер, ал эми Асанов менен Хафизовду бир айдан бери алып келе албай жатасыңар, бул укуктук башаламандык. Эми болсо Хафизов Кыргызстандан чыгып кеткен деп жатышат. Долбоордун адаптациясын жасап, андан соң долбоордук-сметаны түзгөн адам кандайча сотко келбейт? Биздин каржылык зыян кандайча эсептелгенин билүүгө толук укугубуз бар. Ырас, алар келбей турган болсо, анда чечим чыгарып бизди атып салгыла! – деген Сапар Исаков.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишкана – ЖЭБде авария болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган.

Ал эми эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Ал эми мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018- жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *