Бишкек ЖЭБ: Жантөрө Сатыбалдиев  Өмүрбек Текебаевди суракка алууну суранууда

Мезгил

Жантөрө Сатыбалдиев Кылмыш-жазык кодексин иштеп чыккандардын бири Өмүрбек Текебаевди сотко чакырууну суранды.

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборундагы коррупция боюнча сот отуруму уланууда. Сот жараянында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев сотко Кылмыш-жазык кодексин иштеп чыккандардын бири, Убактылуу Ѳкмѳттүн мүчѳсү  Өмүрбек Текебаевди жана  Алмазбек Атамбаевди суракка алуу өтүнүчүн келтирди.

Судья Инара Гилязетдиновабул өтүнүчтөр буга чейин дагы айтылгандыгын билдирип, алар боюнча буга чейин түшүндүрмө берген деген жүйѳѳ менен Сатыбалдиевдин өтүнүчүн канааттандырган жок.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкекти жылуулук менен камсыз кылып туруучу ири ишкана – ЖЭБде авария болгон. Бир нече күн бою кыш чилдеде шаар тургундарынын көбү электр жарыгысыз жана жылуулуксуз калган.

Ал эми эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Ал эми мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018- жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *