Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча сот төрт айыпталуучуну бошотту

Мезгил

Бүгүн, 31-майда Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча каралып жаткан иш Бишкек шаардык сотунда уланып, айрым айыпталуучулар камакка алынуудан бошотулду.

«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурунку орун басары Кенжебек Боркоевге 300 миң сом айып пул салынып, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 7,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Ошондой эле, сот «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Садыков менен Бишкек ЖЭБинин мурдагы техникалык инженери Нургазы Курманбековго 220 миң сомдон, Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Өмүркул уулуна 300 миң айып пул салынды.

Булардын баары сот залынан бошотулушту. Алар өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдук беришкен.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчылар   Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев,  Жогорку кеңештин мурдагы депутаты   Осмонбек Артыкбаев, экс-мэр Салайдин Авазов ЖЭБди оңдоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып камакка алынган. Ал эми мурдагы Финансы министри Ольга Лаврова үй камагында.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *