Бишкекке 121 кыргызстандык жаран алынып келди

  Мезгил

Бүгүн, 1-июлда Сауд Арабиясынан Бишкекке 121 кыргызстандык жаран алынып келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандык жарандар «Flynas» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

“Бул каттам дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР президенти жана өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында ишке ашырылды”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул каттам менен Сауд Арабиясынан Казакстандын 39 жараны келди. Алар “Манас” аэропортунан атайын транспорт менен Казакстанга жеткирилди.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынды.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *