Бишкекке дагы 520 автобус алынып келинет

Мезгил

Ордо калаага дагы  520 жаңы автобус алынат. Бул туурауу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Бишкекке көп орундуу жаңы автобустар лизинг шарты менен алып келинет.  Жаңы автобустар шаардын борборун маршруттардан арылтууга мүмкүнчүлүк берет, өзгөчө Чүй — Ибраимов — Бөкөнбаев — Жаш гвардия тилкелерин бошотуу каралууда.

Экологиялык тазалыгына карап газ менен жүрүүчү коомдук унаалар сатып алынат.

Белгилеп кетсек, азыр ордо калаада 477 автобус бар, алардын 190унун гана абалы жакшы. Күн сайын линияга 12 каттам менен 135 унаа жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *