Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык келди

   Мезгил

Бүгүн, 14-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бишкекке Кыргызстандын 186 жараны учуп келди.   Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алардын арасында жаш балдар дагы бар.

Бул чартердик каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам мекенине келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *