Бишкекке Корея, Япония жана Филиппинден Кыргызстандын 19 жараны кайтарылды

Мезгил

Бишкек шаарына Корея, Япония жана Филиппинден Кыргызстандын 19 жараны кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Кореядан — 4,  Япониядан — 6 , Филиппинден — 9 адам келди.

 Алар Токио менен Манила шаарларынан туруктуу каттам менен Сеулга, андан соң «Air Astana» авикомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Казакстандын Алматы шаарына учуп келишкен. Ал жерден атайын уюштурулган тарнспорт менен Бишкек шаарына келишти. Келген бардык жарандар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган 3 өлкөдөн жарандарды алып келүү казак тарап менен биргеликте уюштурулган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *