Бишкекке Новосибирсктен 192 жаран учуп келди

  Мезгил

Бүгүн, 10-июлда Кыргызстанга «Авиатрафик» авиакомпаниясынын «Новосибирск–Бишкек» багыты менен 192 жаран учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча жарандарынын жеке арыздарынын негизинде ишке ашты.

Тизмеге кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, улгайган адамдар, сибирде ЖОЖдо окуган студенттер, ошондой эле Кыргызстандагы медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө ыктыярчы – дарыгер, медайымдар киргизилди.

Жарандарды кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *