Бишкекте 10 көчмө бригада үй карантининдеги жарандарды көзөмөлдөөдө

Бишкекте 10 көчмө бригада үй карантининдеги жарандарды көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, 24-мартта мобилдик бригаданын медиктери ар кайсы өлкөлөрдөн келген 64 кишиге көзөмөл жүргүзүп, алардын 51и алгачкы жолу, 13 киши кайрадан текшерилди.

Бригаданын курамында Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан бир дарыгер жана бир эпидемиолог бар, алар өздүк коргоочу каражаттар, уюлдук байланыш менен камсыздалган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *