Төрт дарыгерден коронавирус аныкталган Бишкектеги №17 бейтапкана жабылды

  Мезгил

Бишкекте №17 бейтапкана жабылды. Маалыматты аталган Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова тастыктады.

Маалыматка ылайык, 4 дарыгер коронавирус жуктуруп алды.  Медицина кызматкерлери коронавирус менен ооруканага жаткырылган санэпидем көзөмөл кызматкерлери менен байланышта болгон.

Бейтапкана мамлекеттик резиденцияга жакын аймакта, тактап айтканда Ленин районундагы Семетей көчөсүндө жайгашкан.

Эске салсак, Кыргызстанда жалпысынан COVID-19 116 дарыгер жугузуп алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *