Бишкекте экзамен тапшырган автобус айдоочуларынын теңинен көбү сынактан өтпөй калды

 

Мезгил

Бишкек жүргүнчү ташуучу автотранспорт ишканасынын 343 автобус айдоочусунун 188и сынактан өтпөй калды.  Бул тууралуу  Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, шаар бийлиги жүргүнчү ташыган коомдук унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөттү. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсызоо максатында айдоочуларды кезексиз сынактан өткөрүшкөн. Анда алар жол эрежелерин сактоо, муниципалдык транспортторду башкаруу эрежелери боюнча тест тапшырышкан. Сынакта 343 айдоочунун ичинен 188и тиешелүү өлчөмдөгү балл ала алышкан эмес.

Сынактан өтө албай калган айдоочулар 15-16-октябрда кайрадан сынак тапшырып, ийгиликтүү өтүшкөн.

Мэрия борбор калаадагы жүргүнчү ташуучу автотранспорттордун айдоочуларын өз ишине кылдат мамиле кылууга чакырат.

Эске сала кетсек, 3-октябрда № 18 муниципалдык автобус каттамында каттамдын бригадири Н.Серенов башкарган автобуста кырсык болуп, 5-класстын окуучусу Мырза Жумакалиев каза болгон.

Булак: Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *