Бишкекте 25 маршрут жабылды

  Мезгил

Бишкек шаарында 25 маршрут жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов радилордун биринде маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында айдоочулар жумуштан кетип калышкан.  Атыканов белгилегендей, коомдук унаалардын айдоочуларынын жетишсиздиги байкалууда. Себеби айрым маршруттар киреше алып келбейт. Жүргүнчүлөрү көп гана маршруттар калды.

   Белгилей кетсек,  мурда  план боюнча 2600 кичи автобус жүргүнчүлөрдү ташычу. Азыр план боюнча 1800 кичи автобус чыгышы керек. Бирок унаа жана айдоочулардын жетишсиздигинен линияга 1,5 миңге жакын гана кичи автобус чыгат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *