Бүгүн Бишкекте айрым мектептер жана бала бакчалар иштебейт

   Мезгил

Бүгүн Бишкекте   айрым мектептер жана бала бакчалар иштебейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиршти.

Маалым болгондой, Бишкекте таза суу өчүрүлө турганына байланыштуу, бир нече мектептер иштебейт.   “Көк-Жар” суу дарбазасындагы калыбына келтирүү жумуштарынан улам, 26-сентябрдан тарта Фрунзе, Түгөлбай Ата, Панфилов жана Ибраимов көчөлөрүндө суу берүү өчүрүлөт.

 Мындан  улам, №67, 30, 24, 28 мектептер, №5 гимназия, “Звездочка” мектеп-комплекси жана №145, 178, 35, 124, 61, 31 бала бакчаларда пландан тышкаркы эс алуу жарыяланды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *