Бишкекте 3 жашар баланы жол тандабас коюп кетип, ал каза болду

  Мезгил

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан 3 жашар баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя кечээ Орозбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

«Тойота Секвойя» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын артты көздөй айдаганда 3 жашар баланы байкабай тебелетип алган. Наристе ооруканадан каза болду.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Унаа айып аянтчасына токтотулду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *