Бишкекте №9 автобустук каттам августтун акырына чейин токтоду

    Мезгил

Бишкекте №9 автобустук каттам августтун акырына чейин жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалым болгондой,  12-кичи райондон “Тынчтык” жаңы конушуна чейин баруучу автобустарын басымдуу каттамы начар жолдор менен өтөт. Андан улам унаалар тез эле бузулуп, салондор чаңдап, жүргүнчүлөргө дагы ыңгайсыздыктар жаралууда.  

«Тынчтык» жаңы конушундагы жолдор Новопавловка айыл өкмөтүнө карайт. Бишкектик жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар мекемесинин жетекчилиги аталган айылдын башчылары менен сүйлөшүп, жыйынтыгында жол 30-августка чейин ондоодон өтөөрү анык болду.

 Бул аймакка  аталган автобустан сырткары жаңы конушка № 290 жана № 211 маршруткалар каттайт.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *