Бишкекте 9 күндүзгү стационар иштеп жатат (тизме)

   Мезгил

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн  брифингде билдирди.

 Борбор калаада иштеп жаткан күндүзгү стационардын даректери:

Ленин районунда:

– “Газпром” спорткомплекси, Токонбаев – Чортекова – 120 орун;

– № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул – Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде);

– “Арал” кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199).

Свердлов районунда:

– Р. Санатбаев атындагы ФОК, Восток – 5 кичирайонунда – 150 орун;

– № 94 орто мектепте – 50 орун (“Дордой” конушунда).

Октябрь районунда:

– “Бишкекпекарня” муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, чиркөөнүн жанында – 200 орун;

– “Сейтек” мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10, “Алатоо” университети).

Биринчи май районунда:

– № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9);

– К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.

“Биздин күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн 20:00гө чейин кайрылсаңыздар болот. Ал жерде дарыгерлер жана дары-дармек сатып алуу үчүн дарыканалар бар, биздин медайымдар сиздерге дары тамчылатма (капельница) коюп же укол сайып беришет”, – деди калаа башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *