Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт (тизме)

   Мезгил

   Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

 Маалым болгондой,  №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок.

Учурда аларда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө.

Калган бала бакчалардын кызматкерлери вируска текшерилип, имараттары дезинфекцияланды. Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. Пандемияга байланыштуу алар 23-мартта  жабылган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *