Бишкекте айрым соода борборлор жабылат

  Мезгил

Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борбору өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-июлдан 19-июлга чейин убактылуу ишин токтотот.  

Маалыматка ылайык, бул күндөрү аталган соода борборундагы «Фрунзе» гипермаркети, дарыкана жана «Демир банктын» бөлүмү гана иштейт.

 Ошондой эле «Asia Mall», «Технопарк» соода борборлору, «РИОМ» автоунаа базары да коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин карантинге жабылат Аталган жайлар кайра качан иштей баштай турганы азырынча белгисиз. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *