Бишкекте бүгүнтөн тарта такси кызматы иштеп жатат

Мезгил

Бишкекте бүгүнтөн тартып такси кызматтары ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой,  эми шаар тургундары санитардык эрежелерди сактап каттамга чыга алышат. Айдоочу жана жүргүнчү бет кап жана мээлей

тагынуусу зарыл. Ар бир айдоочу күнүнө үч ирет унаанын салонун дезинфекциялап, гигиеналык каражаттары болушу шарт. Ошондой эле бир учурда машинеде бир жаш бала менен экиден ашык жүргүнчү болбошу керек. Такси айдоочусу унааны май куйуучу жайынан башка жерлерге айдай албайт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *