Бишкекте банктардын бирин тоноп кетишти

Мезгил

Белгисиз бирөөлөр Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти.  Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, карактоо фактысы бүгүн эртең менен катталды. Анда Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктардын биринин филиалы тонолду.

Алдын ала маалыматка ылайык, белгисиз кишилер жеке күзөт агенттигинин кызматкерин сабап, акчасын алышкан. Кылмышкерлерде ок атуучу курал болгон. 

Кайсыл банк тонолгону азырынча айтыла элек. ИИМ шектүүлөрдү издеп жатат. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *