Бишкекте дагы үч күндүзгү стационар ачылды

   Мезгил

Бишкек шаарындагы мектептердин базасында дагы үч күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.  

Жаңы ачылган стационарлар:

Ак Босого конушундагы №81 мектепте (Профессор Зима көчөсү, 220) — 40 орун;

Ак-Ордо конушундагы № 96 мектептин базасында (Каркыра көчөсү, 93а)—30 орун;

Аламедин-1 кичи районундагы №38 мектепте — 50 орун.

  Жаңы ачылган стационарлар адамдарды кабыл алып баштады. Ал эми буга чейин ачылган 9 борбор дагы иштеп жатат.
Күндүзгү стационарларга саат 8:00дөн баштап 20:00гө чейин кайрылууга болот. Борбор курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптар үчүн. Ошондой эле тамчылатма (капельница) дары койдуртуп же ийне сайдырууга болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *