Бишкекте дарыгерлер бейтаптардын канындагы кантты бекер өлчөп беришет

   Мезгил

  Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгерлери менен Эндокриндик борбордун кызматкерлери шаардын ар кайсы жеринде бейтаптардын канындагы кантты бекер өлчөп беришет. Андан тышкары, кан басымды дагы текшерип беришет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

 Маалыматка ылайык, төмөнкү даректер боюнча кайрылууга болот:

14-ноябрь саат 10.00дөн 14.00гө чейин “Дордой Плаза” соода борборуна;

18-ноябрь саат 9.00дөн 12.00гө чейин Абай, 93 дарегиндеги карылардын үй-интернатына;

19-ноябрь саат 9.00дөн 12.00гө чейин Интергельпо, 8 дарегиндеги карылардын үй-интернатына;

20-ноябрь саат 9.00дөн 12.00гө чейин Күрөңкеев, 89 A дарегинде жайгашкан “Ардагер” геронтология борборуна.

Мындан тышкары, 14-ноябрда бириккен үй-бүлөлүк медициналык борборлордо кандагы канттын өлчөмүн ченөө боюнча жумалык өтөрү кошумчаланды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *