Бишкекте дезинфекциялоочу туннелдер орнотулууда

Мезгил

Бишкекте дезинфекциялоочу туннелдер орнотулуп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

 Маалым болгондой, эки кабина Республикалык инфекциялык ооруканасында пайда болду. Бири жарандарга ылайыкталса, экинчисинен унаалар жана Тез жардам кызматы өтүшү керек.

Жабдуулар саатына орточо эсеп менен 1 литр суюктукту талап кылат. Анын курамында этил спирти, суу жана глицерин бар. Унаалар үчүн антисептикке хлор дагы кошулуп жатат. Дезинфекциялоочу туннелдерди Бишкектин жеке ишкерлери жасап, шаар тургундарына белек кылды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *