Бишкекте эки троллейбустун каттамы өзгөрдү

  Мезгил

Бишкекте 1-июндан баштап №5 жана №14 номерлүү троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Транспорт каражаттарынын каттамдарынын убактылуу өзгөрүшү Жайыл баатыр көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу. 

Ага ылайык, №5 номерлүү троллейбус Ажыбек көчөсү менен “Тунгуч – “Аэрофлот” агенттиги тарапка каттайт.
Ал эми №14 номерлүү троллейбус “Киркомстром – “Аэрофлот” агенттиги тарапты көздөй багыт алат.

Жолду оңдоо иштери 15-июнга чейин уланат. Анда Жайыл баатыр көчөсүнүн Тыналиев менен Садырбаевге чейинки бөлүгү оңдолот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *