Бишкекте электрондук кезек боюнча балдарды   №26 мектепке  киргизүүнү каалагандар көп

Мезгил

Бишкекте электрондук кезек боюнча балдарды   №26 мектепке  киргизүүнү каалагандар көп. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, жалпысынан электрондук кезек ишке киргенден тарта акыркы 5 күндө 1 миңден ашуун бала катталды.

Эске салсак, мектепке интернет система аркылуу кабыл алуу шаардагы эки мекемеге тиешелүү эмес — № 61 лицей жана № 5 гимназия.

Биринчиси өз бала бакчасындагы балдарды гана кабыл алса, экинчиси республикалык маанидеги мектеп жана окуучуларды бардык региондордон кабыл алууга тийиш.

Онлайн катталуу mektep.edu.gov.kg сайтында же ушунун эле уюлдук версиясында жеткиликтүү.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *