Бишкекте Кайгуул милиция кызматы ишке кирди

   Мезгил

Бишкекте Кайгуул милиция кызматы ишке кирди.

Маалым болгондой, биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 унаа менен коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Алгач бул долбоор 2019-20-жылы жумушчу долбоор менен ордо калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштеп баштары айтылган.

Эске салсак, бул кызмат 2016-жылы түзүлгөн. Бирок натыйжалуу эмес деп табылып, бир жылдан кийин ал жабылган болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *