Бишкекте Кайгуул милициясы 1-сентябрдан тарта ишке кирет

Мезгил

  Бишкекте Кайгуул милиция ишин ушул жылдын 1-сентябрынан тарта баштайт. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинен  билдиришти.

Маалым болгондой,  учурда кайра жандандырыла турган кызматтын материалдык-техникалык базасы түзүлүп жатат.

Күзгө чейин штат куралып, кызматкерлер жаңы форма жана кызматтык унаалар менен камсыздалат. Алгачкы этапта Кайгуул милициясы ордо калаада гана иштейт.

Эске салсак, бул кызмат 2016-жылы түзүлгөн. Бирок натыйжалуу эмес деп табылып, бир жылдан кийин ал жабылган болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *