Бишкекте коомдук унааларда жол киренин баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө

   Мезгил

Коомдук унааларда жол киренин баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул муниципалдык унааларга да тиешелүү тактап айтканда автобус, троллейбустарга дагы тиешелүү болот.

Бул тууралуу  Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов массалык маалымат каражаттардын бирине билдирди.

Анын айтымында маршруттук таксилерде таритфи 2 сомго көтөрүү сунушталууда. Күзүндө бул маселе боюнча шаардык кенештин отурумунда каралат.

Белгилей кетсек, Бишкекте акыркы жолу жол кире 2012-жылы кымбаттаган. Ал маршруттук таксилерде  8 сомдон 10 сомго, автобус, троллейбустарда 6 сомдон 8 сомго чейин көтөрүлгөн.

Ал эми жол киренин көтөрүлүшүн Бишкек мэриясы  унаа тетиктери, күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттаганы менен түшүндүрүшүүдө.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *