Бишкекте коомдук унаалардагы электрондук билет системасы  1-октябрдан тарта киргизилет

   Мезгил

Бишкектин муниципалдык транспортунда электрондук билет системасы  1-октябрдан тарта киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор сыноо иретинде иштеп баштайт. Августтун аягында 20 стационардык валидаторлор жана электрондук карталарды окуй турган жабдуулар орнотулат.

 Белгилеп кетсек, пенсионерлерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана почта кызматкерлерине акысыз карталар таратылат.

Эске салсак, Бишкекте электрондук билеттештирүүнү 2013-жылдан бери киргизе албай келишкен.  Ал эми мындай система Ошто иштеп жатат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *