Бишкекте коомдук унаалардагы электрондук билеттештирүү келээрки жылга чейин киргизилет

   Мезгил

Бишкекте коомдук унаалардагы электрондук билеттештирүү эмки жылга чейин киргизилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Маалым болгондой, мэрия тендерде уткан швейцариялык компания менен келишим бекитти.

Ага ылайык, автобус жана троллейбустарда жол кирени автоматтык түрдө кабыл алуучу валидаторлор орнотулуп, компания аларды 5 жыл бою тейлейт. Жумуштардын баары 10 ай ичинде аткарылышы керек.

Эске салсак, Бишкекте электрондук билеттештирүүнү 2013-жылдан бери киргизе албай келишкен.  Ал эми мындай система Ошто иштеп жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *