Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

Мезгил

   28-майда Бишкекте эмгек сиңирген машыктыруучу Анаркул Кыбраевдин байгеси үчүн кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен маалымдашты.

Маалым болгондой, спорттук мелдеш Кожомкул атындагы спорт сарайда өтөт. Ага жашы 18ге толгон бардык спортчулар катыша алат.

Спортчулар 60, 74, 84 жана 84 килограмм салмак ченинен жогорку категория боюнча күч сынашат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *