Бишкекте «Өлбөс полктун» жүрүшүндө президентти дрон менен тартууга тыюу салынды

 Мезгил

Эртең 9-май Улуу Атамекендик согуштун жеңишинин урматына өтүүчү «Өлбөс полктун» жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков баштаган элди дрон менен сүрөткө же тасмага тартуусуна жалпыга маалымдоо каражаттарына тыйуу салынды.  Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш чарада өлкө башчысын анын жеке фото сүрөтчүсү жана оператору тартат.  Президент Сооронбай Жээнбеков “Өлбөс полк” акциясынан кеткенден кийин гана сүрөт, видеого тартууга жол берилет.   Дронго тыюу салынды, эгер асманга көтөрүлө турган болсо, атып түшүрүлөт.
  Ал эми  коомдук телерадиоберүү корпорациясы түз алып көрсөтөт.

Белгилей кетсек, эртең, 9-майда  Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгы белгиленет.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *