Бишкекте мас абалында кармалган 3 милиция кызматкери кызматтан алынды

Мезгил

Кызматтык унаасында мас абалында кармалган милициянын 3 кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен ИИМдин криминалдык милициясынын үч кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы аныкталган.

“Биринчиден, алар коменданттык сааттын талаптарын бузушту, экинчиден, кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде мас абалында жана кызматтык автоунаада кармалышкан. Аталган үч кызматкер Бишкек шаарындагы наркология борборунда медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип, алардын мас экендиги тастыкталган жана тиешелүү документтар толтурулган. Автоунаа атайын айып жайына токтотулган”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *