Бишкекте мектептерге электрондук кезек боюнча 7,5 миң арыздар кабыл алынды

  Мезгил

Бишкекте мектептерге электрондук кезек боюнча 7,5 миң арыздар кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен  билдиришти. 

Маалым болгондой, баарынан көп арыздар Ленин районунда, эң азы Биринчи май районунда катталды. Мектептерге 5 миң 314 бала кабыл алынса, калгандары же кароодо же макулдаштырылып жатат.

15-майга чейин ата-энелер арыздарды өз аймагына караштуу мектептерге бере алат. Башка райондон мекемени жактырып жатса, арыздар 16-майдан тарта 15-августка чейин кабыл алынат.

Электрондук кезекке тургузуу mektep.edu.gov.kg аркылуу ишке ашырылат. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *