Бишкекте Үркүндүн курмандыктары эскерилди

   Мезгил

Бишкекте 7-августта Үркүндүн курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Маалыматты “Үй куруучулар” кыймылынын төрагасы Бейшенбек Абдразаков кабарлады.

Анын айтымында, шаардын “Түштүк дарбазасынын” жанында орнотулган эстелик таштын жанында отуз чакты адам чогулуп, Куран окулду:

“1991-жылы “Үй куруучулар”, “Ашар”, КДК, “Асаба” болуп жөө жүрүш жүргүзгөнбүз. Ошондо ушул жерге, Боом капчыгайына, Үркүн учурунда эл кырылган жердин баарына таш белги коюлган. Бийликке ошол жерлерге эстелик салып бергиле деп кайрылганбыз. Мына бул жерде алигүнчө эстелик салынбай турат. Бүгүн да келип, Куран окуттук. Эстелик коюп бергиле деп бийликке кайрылып жатабыз. Илдетке байланыштуу көп киши чогултканга болбой калды”.

Абдразаков билдиргендей, иш-чарага “Үй куруучулар” кыймылынын өкүлдөрү жана конок катары коомдук ишмерлер Турсунбек Акун, Чолпонбек Абыкеев жана Кадыр Кошалиев катышышты.

Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтому менен август айынын биринчи жума күнү Кыргызстанда 1916-жылдагы Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет. Бул күндөрдү жыл сайын белгилеп туруу жөнүндөгү жарлыкка 2017-жылдын 26-октябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ал жарлык “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында” кабыл алынганы айтылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *