Бишкекте шоронун сатуучусун унаа сүзүп кетти

  Мезгил

   Салиева-Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

 Маалым болгондой, эртең менен ал көчөлөрдүн кесилишинде жол чырагы иштебей тургандыктан жол кесилишинен өтүп бара жаткан айдоочулар бири-бирин түшүнбөй, кагылышкан.

Унаалар кагылышканда унаалардын бири жол четине кетип, жол жээгинде турган “Шоро” компаниясынын челектерин сүзгөн. Шоро саткан сатуучу аял бир аз жаракат алган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Унаалар айып аянтчасына коюлган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *