Бишкекте тез тамактануучу жайдагы өрттөн жабыр таркандар дарылануусун улантууда

Мезгил

Бишкекте «Антошка» кафесиндеги жарылуудан кийин жаракат алган 4 жабырлануучу Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бейтаптар күйүк бөлүмүндө жатышат. Алардын абалы туруктуу.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду. Ал эми аталган окуядан кийин Бишкек мэриясы Бишкектеги баардык тез тамактануучу жайлар текшериле тургандыгын айткан. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *