Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылат

    Мезгил

Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу ордо калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев интернеттеги баракчасына   жазды.

Анын айтымында тиешелүү чечим шаарда эпидемиологиялык абал курчуп жатканына байланыштуу, жакында кабыл алынат.

-Ал эми кайсы датадан баштап жабылары эртең билинет, түнкү клубдар, компьютердик клубдар да жабылышы керек, – деди Балбак Түлөбаев.

Белгилеп кетсек, Бишкекте эскертүүлөргө карабай, той-аштар өткөрүлүп жатат.

Мезгил  ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *