Бишкекте жүргүнчүдөн 20 сом талап кылган маршруттук унаанын айдоочусуна жаза берилди

Мезгил

Бишкектеги  № 117 маршруттук унаанын жүргүнчүдөн жол кире үчүн 20 сом талап кылган айдоочусу жумушунан 5 күнгө четтетилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 Маалым болгондой, бул  окуя боюнча жетекчилик тарабынан айдоочуга сөгүш жарыяланды.

 Белгилей кетсек,  мыйзамдан тышкаркы иш өткөн жумада катталган. Айдоочу өзү бекиткен 20 сом өлчөмүндөгү жол кирени бир жүргүнчүдөн башкасы төлөшкөн.

Ал эми 20 сом бере албаган кишини унаадан түшүрүп койгон.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *