Бишкекте жол тандабас менен жеңил унаа сүзүштү

   Мезгил

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде Тойота Ланд Крузер Прада үлгүсүндөгү жол тандабас менен Дэу Матиз унаасы сүзүшүп, бири оодарылып кетти. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.  

Маалым болгондой окуя бүгүн, 7-майда саат 10:45те Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Тойота Ланд Крузер Прада унаасы Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан учурда Үмөталиев көчөсүнөн чыга калган Дэу Матиз унаасын сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусу ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди.

Азыркы учурда тактоо иштери жүрүп жатканын жана 2 унаа тең айып аянтчасына жеткирилгенин маалымат кызматы кошумчалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *