Бишкекте жиберилген азык-түлүктү өз дарегине жеткирбей, качып кеткен таксист кармалды

 Мезгил

Кечээ, 3-апрелде шаар тургуну (аял киши) социалдык тармак аркылуу курьерге алданганын билдирди. Анын айтымында, 31-мартта күйөөсү баласынын тамак-аштарын жиберген, бирок буйрутма көрсөтүлгөн жерге жеткирилген эмес. Ал карантинге байланыштуу эч жер иштебей турганын айткан.

Социалдык тармактар аркылуу курьерге кайтарып берүүнү суранып, ал жерде балдардын тамак-ашынан тышкары, дары-дармектер жана жалаяктар бар болгонун билдирген. Анын айтымында, алар ошол эле күнү милицияга кайрылышкан.

Бишкектин комендатурасынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 31-мартта жабырлануучу арыз жазган. Арызда ал ошол эле күнү саат 17:00 чамасында Чапаев көчөсүндө «Хундай Соната» унаасы менен токтоп турган айдоочу — курьерге кайрылганын маалымдады. Ал ага 2510 сомго алынган азык-түлүктү көрсөтүлгөн дарекке жеткирип берүүнү суранып, акчасын төлөгөн. Ал кетип, андан соң байланышка чыкпай калган. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында курьерди кармашты. 1990-жылы туулган С.Р. аттуу жаран милиция бөлүмүнө жеткирилип, суралгандан кийин бошотулган.

Шектүү телефон номурду туура эмес жазып алганын, көрсөтүлгөн даректи таппай калганын билдирди. Анын айтымында, аларды 3 күн издеген.

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *