Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында кайрадан жаңжал чыгып, бейтап дарыгерге кол көтөрдү

  Мезгил

   Бишкектеги балдар клиникалык бейтапканасында кайрадан жаңжал чыкты. Окуя тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Тасмада бейтап ооруп жаткан баласын бейтапканага жаткырбай койгон дарыгерге кол көтөргөн. Баланы дарыгерлер толугу менен кароодон өткөрүшүп, алар ангина болгондо жөтөлө турганын айтып түшүндүрүшкөн.

 

 .Акыркы маалымат боюнча дарыгер кош бойлуу болгондуктан төрөт үйүнө  жаткырылган.

Белгилеп кетсек, дарыгерлер менен урушуп, жаңжал чыгаргандарга Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору каралган. Анда медицина кызматкерине чоң адам тарабынан жаңжал чыгаруу катталса 30 миң сомдук айып салынып, 40 саттык коомдук иштерге тартылат.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында болгон окуя тууралуу видео соцтармактарга жарыяланган.  Анда балалуу аял дарыгердин жазып берген көрсөтмөсүнө макул болбой, клиниканын кызматкерлерине орой мамиле кылган.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *