Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы түрттүрүлүп, ордуна жаңысы курулат

 Мезгил

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданы түрттүрүлүп, ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.

Маалым болгондой, тиешелүү токтом долбоорун мэрия коомдук талкууга чыгарды. Документте белгиленгендей, имарат жана трибуналардын абалы кейиштүү абалга келип калды.

Аларды колдонуу кийин адамдардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн. Жаңы ипподром унаалар үчүн атайын токтотуу жайлары менен камсыздалып, трибунадагы орундар көбөйтүлөт. Жаңы комплекстин долбоорун түзүүгө       19 миллион сом жумшалат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *