Бишкектеги соода борборлор кечки саат 9га чейин иштей турган болду

   Мезгил

Бишкектеги соода түйүндөрдүн жана ири дүкөндөрдүн иш тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Тиешелүу токтомго мэр Азиз Суракматов кол койду. Ага ылайык, аянчы 100 чарчы метрден ашык дүкөндөр эми таңкы саат 7ден кечки 9га чейин иштей алат.

Бирок соода борборлорунун ичинде жайгашкан тамактануучу жайлар  азырынча жабык бойдон калат. Кафе менен ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар саат 10дон кечки 8ге чейин иштейт, ал эми буюртма менен тамак жеткирүүнүн убактысы чектелбейт.

Коомдук транспорттун ишине өзгөртүүлөр киргизилген жок. Алар эртең менен жана кечинде 3 сааттан каттайт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *