Бишкектеги жарылуу. «Антошка» тез татым борборунун кожоюну камакка алынды

  Мезгил

Бишкекте жарылуу болгон «Антошка» тез татым борборунун кожоюну А.К. камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады. 

Маалым болгондой, шаардык милициянын тергөө кызматы аны Жазык кодексинин «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалган.

Белгилей кетсек, кечээ 8-ноябрда «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында өрт чыгып, бир нече ирет жарылуу болгон. Кырсыктан 14 киши жабыркап, 21 жаштагы бир кызматкер кыз көз жумган. Өрт  15.21де толугу менен өчүрүлгөн.

Бишкек милициясынын билдиргенине караганда, каргашалуу окуяга газ баллондун жарылышы себеп болгон.

Өрттөн жабыркаган 7 адам Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жатат. Алардын ичинен экөө жаш балдар. Дагы үчөө дарыланып үйлөрүнө чыгып кеткен.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *