Тез татым коомдук тамактануу жайында өрттөн жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор

   Мезгил

Бишкекте тез татым коомдук тамактануу жайында жабыркагандардын экөөсүнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 

 Маалым болгондой,  учурда республикалык травматология борборунда жалпысынан кырсыктан жабыркаган 7 адам дарыланууда. Алар дары-дармек менен толугу менен камсыз болушкан.

  Эске салсак, 8-ноябрда ордо калаада тез тамактануу жайында жарылуу болду. Өрттөн түйүндүн кызматкери каза тапты, 13 адам жабыркады. Алардын арасында балдар дагы бар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *