Бишкектин №238 жана №171 каттамдары мындан ары мэриянын карамагында

   Мезгил

Бишкектин №238 жана №171 каттамдары мэриянын карамагына алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой,  мындан ары бул каттамдарды Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу транспорттук ишканасы тейлейт.

Белгилеп кетсек, буга чейин №227 жана №131 каттамдар дагы өз каалоосу менен мэрия менен кызматташа баштаган. Муниципалдык транспорттун айдоочулары күн сайын медициналык кароодон өтүп, унааларын жылына бир жолу техникалык кароого киргизет. Мэриянын диспетчерлери графиктин так сакталышына, айдоочунун кийимине жана транспорттун тазалыгына көз салып турат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *