Бишкектин базарларынын алдындагы унаа токтотуу жайларына акы төлөнөт

   Мезгил

 Бишкекте пилоттук режимде базарлардын алдындагы унаа токтотуу жайларына акы төлөө киргизилди. Бул туурасында “Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары” муниципалдык ишканасынын директору Ислам Момоконов билдирди.  Анын  айтуусунда, Ош базарынын тегерегин тартипке келтирилет.

“Унаа токтотуунун баасы 25сомду түзөт, бул баа саат 8.00дөн 20.00гө чейин. Биздин кызматкерлердин кийимдери мэриянын логопити басылган кочкул сары желеттер, баарында аты жөнү жазылган бейджиктери бар. Ошондой эле акы алынуучу унаа токтотуу жайларында  маалымат бере турган жарыялар илинди. Төлөм накталай түрдө болот. Операторлор чек беришет” –дейт Момоконов.

Акы алынуучу унаа токтотуу жайлары Ош базарына Ибраимова көчөсүндөгү “Комфорт” базары, Кулатов көчөсүндөгү “Маслосыр” жана Орозбек көчөсүндөгү эски базарында уюштурулду.

Кийинки жумада ушундай эле унаа токтотуу жайы Орто-Сай базарына да ачылганы турат.

“Аламүдүн базарынын тегерегиндеги жерлердин баары ижарага берилип, унаа токтотуу жайга орун жок экен. Биз ушул суроо боюнча да иштейбиз. Ош базардын аймагындагы Кулиев жана Киев көчөлөрүнө соода сатык түйүндөрүнүн кыйындык жаратып, унаа токтотуу жайы уюштуралган жокпуз. Бул боюнча акимчилик  жана ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте рейдтер жүргүзүлөт-дейт Момоконов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *